Караганды облусундагы археологдор байыркы конушту изилдеп жатышат

Караганды облусундагы археологдор байыркы конушту изилдеп жатышат

Геометриялык оюулары бар чопо идиштердин сыныктары, таш буюмдар, кремний жебенин учу жана металл бычак. Байыркы артефакттарды казакстандык археологдор Караганды облусунун Бухар-Жырау районундагы коло дооруна таандык турак жайды изилдөө учурунда табышкан. Курулуш таш мештеринен жасалган кош катарлуу дубалдары бар жарым жер төлө тибиндеги конструкцияны билдирет. Окумуштуулар мунун байыркы тургундардын үй курууга олуттуу мамиле жасаганын жана коло доорунда кол өнөрчүлүктүн өнүккөнүн далилдейт дешет.


Алексей Кукушкин, Караганды университетине караштуу Сарыарка археология институтунун мүдүрү:


- Архитектуралык өзгөчөлүктөрүнө караганда, бул конструкция кошумча жылуулук изоляциясын жана туруктуулукту камсыз кылган деп болжолдоого болот. Бул жергиликтүү калктын аймактын климаттык шарттарына ыңгайлашуусун чагылдырат. Архитектуралык өзгөчөлүктөрүнө жана карапа сыныктарына карап, бул объектти алакөл маданиятына таандык деп эсептеп, болжол менен биздин заманга чейинки 17-16-кылымдарга таандык деп айтууга болот. Келечекте карапага техникалык-технологиялык анализ жүргүзүлүп, радиокөмүртектүү анализ үчүн үлгүлөр жөнөтүлөт, бул изилденген объекттин жашын тактоого жардам берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков