Астанада өнөрпоздор Ислам каллиграфия өнөрүн көрсөтүштү

Астанада өнөрпоздор Ислам каллиграфия өнөрүн көрсөтүштү

Астанада Ислам каллиграфия көргөзмөсү ачылды. Анда 30га жакын экспонат коюлган. Алар Борбордук Азиядагы каллиграфия искусствосунун тарыхый жана маданий маанисин ачык көрсөтүшөт. Ар бир чыгармада терең руханий маани бар. Мындан тышкары Түркиядан, Өзбекстандан, Кыргызстандан жана албетте Казакстандан келген кол жазма салттардын чеберлери жана сактоочулары мастер-класстарды өткөрүштү. Алар өз өнөрлөрүн көрсөтүп, каллиграфиянын ар кандай стилдери жана көркөм өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти. Казакстандык Асылбек Орынбасар өзүнүн өнөрдөгү чеберчилиги менен сыймыктанат. Ал Ислам каллиграфиясы боюнча белгилүү түрк адистеринен уруксат алган Борбор Азиядагы жалгыз каллиграф. Анын сүрөттөрү өлкөнүн ири мечиттерин кооздоп турат.

Асылбек Орынбасар, Каллиграф:


- Негизинен бамбук калем - салттуу каллиграфия куралы болуп саналат.  Ал кылымдар бою сыналган курал, абдан ыңгайлуу, жеңил, чартчатпайт. Эгер металлдан болсо, чарчап калмакмын, анткени, биз мечиттердеги көптөгөн трактаттарды, манускриптерди кол менен жазабыз. Бул абдан кургак, арзан, өтө ыңгайлуу жана практикалык курал.


Алматы Абсаликов, Улуттук кол жазмалар жана сейрек китептер борборунун башкы серепчиси:

- Каллиграфиянын ар кандай түрлөрү бар, араб графикасы, латын графикасы менен жазылган же кириллицада жазылган каллиграфия бар. Башкача айтканда, каллиграфия аркылуу берилген китептин кайда жазылганын, кайсы жерде жазылганын жана ким тарабынан жазылганын, билим деңгээлине чейин да түшүнүүгө болот. Мисалы, түрк, фарс же чагатай тилдеринде жазылган кол жазмаларды изилдеген археологдор үчүн бул жаатта каллиграфияны изилдөө да абдан маанилүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков