Ашхабадда түрк өлкөлөрүнүн
кинематографисттеринин «Коркыт ата» эл аралык
фестивалы өттү. Анда Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Түркия жана
башка өлкөлөрдүн көркөм гана эмес, даректүү тасмалар, ошондой эле кыска
метраждуу тасмалары көпчүлүктүн
назарына сунушталды. Түркмөнстандын борбор шаарынын тургундарына жана
конокторуна шаардагы бардык кинотеатрларда сынак программасына катышуучу тасмалар
көрсөтүлдү.
Султан Раев, ТҮРКСОЙ башчысы:
- Бул фестиваль боордош өлкөлөр
кино тармагындагы чеберчилигин көрсөтүү менен, мазмуну жана менталитети жагынан
башкалардан айырмаланып турат. Бизге дүйнөнүн түрк кинолору менен жакындан
таанышып, биздин тасмалар тууралуу дүйнөгө көрсөтүү биз үчүн маанилүү.
Ошондуктан, бул биринчи кезекте түрк киносун өнүктүрүү үчүн уникалдуу аянтча
болуп саналат.
Фестивалдын алкагында чет элдик
коноктор 2024-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору аталган Анау шаарына барышты.
Алтынай Нөгербек, Казакстан
Республикасынын театр жана кино актрисасы:
- Биз бул фестивалга «Улуу Талаа
таңы» сүрөтүн алып келдик. Ал биздин элибиздин тарыхы. Касым хандын башкаруу
тарыхы. Бул менин Ашхабадга болгон биринчи сапарым. Иш – чара менин өлкөм үчүн
чоң сыймык. Бул фестиваль Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында кино тармагын
өнүктүрүүгө көпүрө болот деп ойлойм.
Белгилей кетсек, фестивалдын
башкы символу болгон "Турна" айкели Казакстанга берилди. Тагыраагы
кийинки мааний иш-чара өлкөдө өтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков