Алматыда казакстандык ырчы Димаш Кудайберген менен көптөн
күткөн жолугушуу өттү. Ага 45 өлкөдөн 10 миңдей күйөрман катышты. Жылдыздын
туулган күнүнө арналган күйөрман жолугушууда өнөр сүйүүчүлөр коому аны куттуктоого
мүмкүнчүлүк алышты.
Чогулгандар сүйүктүү ырчысы менен баарлашууга мүмкүнчүлүк
болду. Музыкант чыгармачылык пландары тууралуу айтып берди. Тогуздун айында
анын жеке концерти Нью-Йорктогу атактуу Madison Square Gardenде (Мэдисон Сквер
Гарден) өтөт. Ошондой эле, Димаш Казакстан, Испания, АКШ, Орусия, Колумбия,
Чили, Түркия жана башка өлкөлөрдөн келген күйөрмандарынын суроолоруна жооп
берди.
Сейма Суеда, ырчынын күйөрманы:
- Мага Димаштын өзгөчө үнү гана эмес, анын өзгөчө стили,
маданиятка болгон сый-урматы, түрк дүйнөсү менен болгон байланышы да терең
таасир калтырды. Өз өлкөмө жана өзүмө болгон терең байланышты сездим. Мен үчүн
анын өзүнүн маданиятын жана башкаларды да сыйлаганы абдан баалуу. Биз аны
колдойбуз жана аны абдан жакшы көрөбүз.
Фан-жолугушуу казакстандык артисттеринин концерти менен
уланды. Димаш өзү репертуарындагы сүйүктүү хиттерин аткарды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

