Илгери чоң энелер жип ийрип, аны күнүмдүк турмушта, чарбачылыкта ар кандай жолдор менен колдонуп келишкен. Азыр да аны колунан түшүрбөй жип ийриген энелер бар. Байыркынын башаты, өткөндүн изи болгон ийик ийирүү салтын кайра жандандыруу максатында мелдеш казак маданиятынын каймагы аталган ыйык жер Мангыстау жеринде өттү. Маданий иш-чаранын адилеттүү өтүшү энелер тарабынан талданып, бааланды.
Венера Балуанова, жеңүүчү:
Ийрик ийирүү боюнча мелдеш сонун болду. Баш байгени жеңип алдым. Бул үчүн кубанычтамын. Ушундай сынактар көп болсун. Мелдешти уюштурган бардык улан-кыздарга ыраазычылык билдирем.
Которгон: Илгиз Жамалбеков