Ашхабадда жалган куран айынын 8и - аялдардын эл аралык
күнүнө карата көргөзмө-сынак ачылды. Бул жерде 170тен ашуун сүрөтчүлөр, айкелчилер
жана зергерлер мыкты эмгектерин сунуштады. 290дон ашык эмгекте түркмөн элинин
каада-салты жана маданияты, аялдык сулуулук жана көптөн күткөн жаздын келиши
чагылдырылган. Уникалдуу чыгармалар ар кандай техникалык ыкмада жана жанрда
жасалган. Көргөзмөгө сүрөт, графика, скульптура, карапа, гобелен, зергер
буюмдары жана дизайнердик чечимдер сунушталган, алардын ар бири автордун өзүнүн
кол тамгасын көрсөтөт. Чеберлер эмгектеринин терең маанисин ачып, көрүүчүлөр
менен бөлүштү. Калыстар тобу жана коноктор аларды татыктуу баалашты.
Мерджен Аманклыджова, Түркмөн
мамлекеттик көркөм өнөр окуу жайынын окутуучусу:
- Үй-бүлөм мени көркөм чыгармачылык жолуна түшүүгө шыктандырды. Алардын колдоосу аркылуу мен жашоодогу максатымды таптым. Мен бул укмуштуудай түстөрдүн сыйкырдуу дүйнөсүнө кадам таштаганыма 15 жыл болду. Негизинен кылкалем менен улуттук түстөгү көркөм чыгармаларды жаратам. Салттуу кийим кийген түркмөн аялдарынын сулуулугун чагылдырам. Менин чыгармаларымда жандуу, ачык түстөр басымдуулук кылат. Мен үчүн кызыл түс өзгөчө мааниге ээ. Ал жашоонун символу сыяктуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

