Казакстан экинчи
суперкомпьютердик кластерди ишке киргизүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу
президент Касым-Жомарт Токаев Digital Bridge-2025 эл аралык форумунда билдирди.
Бул пикир алмашуу аянтчасында глобалдык өзгөрүүлөр жана санариптик экономиканын
келечеги тууралуу актуалдуу ойлор айтылып, маанилүү демилгелер көтөрүлөт. Азыр
дүйнө жүзү жасалма интеллект дооруна кадам таштады. Алдыңкы технологиянын
жогорку ылдамдыкта өнүгүшү саясатка, экономикага жана миллиарддаган адамдын
жашоосуна түздөн-түз таасир этүүдө. Серепчилердин баалоосу боюнча, жасалма
интеллекттин өнүгүшүнө дүйнө жүзү боюнча бир триллион доллардан ашык инвестиция
салынган. Ал эми аталган тармактын дүйнөлүк экономикага кошо турган салымы
жакынкы он жылдыкта жети триллион долларга чейин жетиши мүмкүн. Бүгүнкү күндө
өлкө жасалма интеллект тынчтык максатта гана колдонулушу керек деп батыл түрдө
билдирет.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Жакында БУУнун
Башкы Ассамблеясынын сессиясында мен Казакстандын Уюмдун алкагында Жасалма
интеллектти башкаруу боюнча глобалдык диалогдун ишине катышууга даяр экенин
ырастадым. Биз өнөктөштөрүбүздүн демилгелерин, анын ичинде Кытайдын жасалма
интеллект тармагындагы глобалдык кызматташтык уюмун түзүү жөнүндөгү сунушун
колдойбуз.
Азыркы учурда
Казакстандын бирдиктүү санариптик экосистемасы түзүлүп жатат. Мунун алкагында
өлкөдө жасалма интеллект жаатындагы изилдөө университетин ачуу, ошондой эле
«Alem.ai» эл аралык борборун түзүү пландаштырылган. Бул багытта жасалма
интеллект жана санариптик өнүгүү министрлиги санариптик жаңылануунун
кыймылдаткыч күчүнө айланмакчы. Бүгүнкү күндө жасалма интеллектти пайдалануу
үчүн укуктук базаны калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулууда. Ошондуктан
натыйжалуу санариптик кодексти иштеп чыгуу өтө маанилүү.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Ар бир жаңы
мамлекеттик кызмат көрсөтүү эң оболу санариптик форматта түзүлүшү керек. Мурун
сунушталган маалыматтарды кайра суроонун кереги жок. Мындан бөлөк, мамлекет
менен жарандардын карым-катнашына байланыштуу бардык нормативдик актылар
бекитилгенге чейин милдеттүү түрдө санариптик экспертизадан өткөрүлүшү зарыл.
Ошонун натыйжасында жарандар менен ишкерлер бюрократиядан кутулуп, алардын
мамлекеттик институттарга болгон ишеними бекемделе түшөт.
Президент
санариптештирүү жана нейрондук тармактарды кеңири колдонуу Казакстандын
мамлекеттик башкаруу системасынын жаңы философиясына айланышы керек экенин
белгиледи. Чоң маалыматтарды иштеп чыгууга жана талдоого жөндөмдүү акылдуу технологиялар
стратегиялык пландаштыруунун натыйжалуулугун да жакшыртат. Форумдун ардактуу
коногу – Венгриянын президенти Тамаш Шуйок өз сөзүндө жасалма интеллект адам
укуктарын жана этикалык нормаларды эске алуу менен өнүгүшү керектигин айтты. Ал
ошондой эле Казакстандын жетишкендиктерине токтолуп, өлкө акыркы он жылдыкта
технологиялык өнүгүү хабдарынын бирине айланганын белгиледи. Форум кийинки
жылдан баштап өз аталышын AI Bridge деп өзгөртөт. Аты башка болгону менен заты
ошол бойдон калат. Технологиялык алптар менен стартаптар, бизнес менен илим,
мамлекет менен коом арасындагы байланыш көпүрөсү болуусу керек.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

