Түрк маданиятынын мурасына арналган көргөзмө Астанада ачылды

Түрк маданиятынын мурасына арналган көргөзмө Астанада ачылды

Астанада Казакстан менен Түркиянын көп кылымдык тарыхый-маданий байланыштарын жана түрк руханий мурасын чагылдырган көргөзмө сунушталды. «Яссауиден Юнус Эмреге чейин» аттуу экспозиция жаш казакстандык сүрөтчү Алдияр Ауесбековдун 25тен ашык каллиграфиялык эмгектерин бириктирди. Алардын ар бири гуманизм идеяларына негизделген эки улуу ойчул - Кожо Ахмет Яссауи менен Юнус Эмренин философиялык көз караштарын чагылдырат. Автор көркөм образдар аркылуу улуу талаадан Анадолуга чейинки элдердин руханий каада-салттарынын уланмалуулугун жана баалуулуктарынын жалпылыгын көрсөтүүгө умтулган. Көргөзмөнү Юнус Эмре атындагы Түрк маданият борбору уюштурган. Долбоор ошондой эле эки өлкөнүн сүрөтчүлөрү жана маданият ишмерлери ортосундагы диалог үчүн аянтча болуп калды.

Алдияр Ауесбеков, калиграфф, экспозициянын автору, Л.Н. Гумилев атындагы ЕУУнун магистранты:

- Мени Юнус Эмренин чыгармачылыгы, Кожо Ахмет Яссауинин трактаттары шыктандырды. Материалдарды изилдөө процессинде мен адамзатка болгон чексиз сүйүүнү поэтикалык саптар аркылуу жеткирүү – бул чынында эле чоң искусство экенин түшүндүм. Мен алардын идеяларын өзүмчө түшүнүүгө жана кенепке түшүрүүгө аракет кылдым. Бул жерде ар бир сүрөттөгү түстөрдүн – кара, кызыл жана башкалардын колдонулушунун мааниси да терең.

Зульфи Томан, Түркиянын Казакстандагы элчилигинин маданият боюнча кеңешчиси:

- Мындай иш-чаралар жаш муун өз тарыхын жана маданиятын жакшыраак билиши үчүн уюштурулат. Бүгүнкү күндө жаштардын социалдык тармактарда көп убакыт өткөрөрү эч кимге жашыруун эмес. Ошондуктан өсүп келе жаткан муунга маанилүү руханий баалуулуктарды көрсөтүү өзгөчө маанилүү деп эсептейм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков