Францияда казакстандык Акын тасмасы жарык көрдү. Кинозалдарда режиссер Дарежан Өмүрбаевдин чыгармасы казак тилинде субтитр менен көрсөтүлөт. Жергиликтүү француз басылмалары Акын тасмасын жуманын дагы бир белгилүү премьерасы - Аватар менен салыштырып, эки тасма тең эки башка көз карашта болгону менен негизинен дүйнөлүк тартипке каршылык көрсөтүү окуялары экенин белгилешти. Франциядан прокатка чыккандан кийин Акын тасмасы, Португалиянын кинотеатрларында көрсөтүлөт.
Луис-Антуан Жонатан, ALFAMA FILMS компаниясынын дистрибуция жетекчиси:
- Дарежан Өмүрбаев Францияда жашап, ал жакта алты тасма көрсөткөн режиссер. Бул өтө сейрек көрүнүш. Бирок ага карабастан аны кино сүйүүчүлөр коомчулугу, басма сөз жакшы көрөт. Анын жаңы тасмасы абдан кызыктуу жана биз аны жергиликтүү кинотеатрларга кубануу менен сунуштайбыз.
Илия Ким, тасма продюсери:
- Кандайдыр бир мүнөздөмө берүү кыйын, бирок басма сөздөн баары абдан жакшы чыкты. Бирок Францияда Дарежанды абдан жакшы көрөрүн айта кетүү керек. Анын жасаганы Европада чоң резонанска ээ, анткени мында абдан кино сүйүүчү чөйрө бар. Адамдар ойлондурган жана олуттуу тасмаларды жакшы көрүшөт, ошондой эле мындай тасмаларды чыдамсыздык менен күтүп, окушат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков