Тарыхты толуктаган электтик мектептин мугалими. Батыш Казакстан облусунун тургуну Жанибек Абилпейисов ыйык жерлердин картасына ата-бабалардын кичи мекенин, баатыр акындардын эстеликтерин, мүрзөлөрүн түшүргөн. Баатырдын беш куралын жыйнаган. Махамбет Өтемисов атындагы башкы мектептин жанындагы музейдин жетекчиси байыркы эстеликтердин көбүн өз каражатына сатып алган. Тынбай изденип, музей фондун жаңы буюмдар менен толуктап жүрөт.
Жанибек Абильпейисов, «Жерүйык» чөлкөм таануу музейинин жетекчиси:
- Музейибиздеги эң байыркы экспонат Кытай императору, ошол кездеги падыша Тан Шуан Жонгдун 621-жылы чыккан тыйыны. Бул монета биздин жерде байыркы Жибек жолу аркылуу соода кербендери жүргөнүн далилдеген экспонат болуп саналат.
Ал сүйүктүү ишине шакирттерди тартып, чөлкөм таануу иштерин жандандырып келет. Окуучулардын тарыхый эс тутумун жаңыртуу үчүн санжыраны түшүндүрөт. Өткөндөн кабар берген экспонатты изилдөө иштерине тартат.
Бекет Ажигалиев, окуучу:
- Биз экспедицияга 2022-жылдан бери катышып келе жатабыз. Алардын ичинен Жапаркелди баатырдын мүрзөсүн издөөгө катыштык. Анда көптөгөн кызыктуу нерселерди таптык. Коңшу аймактын тарыхы менен тааныштык.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

