Алматыда IV Эл аралык AMEN анимациялык кинофестивалы башталды. Салттуу иш-чаранын алкагында быйыл дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн келген аниматорлордун 50гө жакын эмгектери бааланат. Алардын арасында ата мекендик Бекзат, Баатыр учкучтар, Тентектер анимациялык тасмалары бар. «Казаканимация искусствосунун деңгээли кубандырат, адистердин дарамети да жогору», - дешет тасма серепчилери. Фестивалдын алкагында Польша, Франция, Грузия, Испания, Өзбекстан, Кытай, Азербайжан, Орусия жана Казакстандын аниматорлору тарткан эмгектери Константин Бронзит жетектеген квалификациялуу калыстар тобу тарабынан бааланат. Фестиваль режиссёр Мейиржан Сандыбайдын Шырак кыска метраждуу анимациялык тасмасы менен ачылды.
Адай Абелдинов, АMEN анимациялык тасмалар фестивалынын президенти:
Тогуз номинация бар. Быйыл Гран-приден баштап, эң мыкты сценарий, мыкты көркөм чечим, мыкты тасма, мыкты сериал, эң мыкты студенттик эмгек сыяктуу номинацияларды койдук. Биз быйыл эки жаңы сыйлыкты дайындадык. Ал Амен Хайдардын атындагы атайын сыйлык жана бул фестивалды уюштуруп жаткан коомчулуктун өзгөчө сыйлыгы.
Жанибек Оразалы, «Казаканимация» чыгармачылык бирикмесинин жетекчиси:
Америкадан буйрутма алып иштеп жаткан таланттуу студиялар бар. ал тургай Жапониядан, Орусиядан анимациялык фильмдерди тартууга катышып, Европадан буйрутма алып жаткан таланттуу жаштарды жакшы билебиз. Алардын арасында менин окуучуларым, шакирттерим да бар. Башкача айтканда, бул Казакстандагы анимациялык кино адистеринин жөндөмү жана таланты жетиштүү экенин көрсөтүп турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков