Казакстандын борборуна Silk Way Star сынагынын катышуучулары келе баштады. Алардын арасында Азербайжандан, Монголиядан жана Кыргызстандан келген катышуучулар – Сабина Заде, Мишель Джозеф жана Тамга аттуу ырчы бар. Аларды аба майданында улуттук тамак-аштар жана музыка менен тосуп алышты. Маек учурунда артисттер өздөрүнүн каалоолору менен бөлүшүштү – алар теле көрүүчүлөргө өз өлкөлөрүнүн маданий мурастарын жана жаңы музыкалык эксперименттерин тез арада тартуулоого умтулушат. Белгилей кетсек, азиялык вокалдык сынакта 12 өлкөдөн келген аткаруучулар катышат. Телешоунун тартылуусу баш оона айынын 26сында башталат.
Мишель Джозеф, Silk
Way Starдын катышуучусу/Монголия/:
- Мен үчүн Монголияны көрсөтүү жана Борбордук Азия менен өзүмдүн музыкамды,
салттарымды, маданиятымды бөлүшүү чоң сыймык. Менин
ырларым моңголдун салттуу үнүн жана заманбап философиясын айкалыштырат. Мен
башка катышуучуларды атаандаш катары көрбөйм, анткени мен башкалардан үйрөнүүгө
аракет кылам.
Тамга, Silk Way Starдын
катышуучусу /Кыргызстан/:
- Бул мен үчүн абдан сонун мүмкүнчүлүк, өзүмдү мындай сонун, эл аралык
деңгээлде көрсөтүү.
Которгон: Назира Бегалиева

