Түркмөнстанда балдар командалары арасында спорттук бий боюнча мелдеш өттү

Түркмөнстанда балдар командалары арасында спорттук бий боюнча мелдеш өттү

Түркмөнстанда балдар борборлорунун арасында спорттук бий боюнча мелдеш өттү. Көркөм Гөкдере аймагында өлкөнүн ар кайсы бурчунан келген командалар  жаркын программа тартуулашты. Ага европалык жана латын америкалык бийлер, ошондой эле спорттук гимнастиканын элементтери кирди. Жеке жана топтук номерлер да көрсөтүлдү. Уюштуруучулар белгилегендей, спорттук бий Түркмөнстанда ишенимдүү түрдө популярдуулукка ээ болууда. Өлкөдө үзгүлтүксүз чемпионаттар жана биринчиликтер өткөрүлүп турат. Ага 6 жаштан 15 жашка чейинки жаш бийчилер катышып, мыкты даярдыгын жана артистизмин көрсөтүшөт.

Бибихаджар, Орто мектептин окуучусу:

- Мелдеш абдан кызыктуу жана толкундатуучу болду. Биз көпкө даярдандык, күн сайын машыктык. Мен паркетке чыкканда бир аз толкундандым, бирок музыка мени арбап алды, мен жөн гана бийлеп, ар бир кыймылдан ырахат алдым. Бул унутулгус болду!

Гарягды Джумадурдыев, Орто мектептин окуучусу:

- Биз жаркын жана динамикалуу номер даярдадык. Бул ар кандай стилдердин элементтери камтылган абдан жандуу бий болду. Машыктыруучубуз эң негизгиси – бийден энергия жана кубаныч көрсөтүү деп айтты. Биз көрүүчүлөр биздин маанайыбызды сезишин кааладык. Менимче, бул биздин  колубуздан келди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков