Казакстанда биринчи жолу жаш өспүрүмдөрдүн энелери арасында
футбол клубу ачылды. Адатта алар балдарынын оюнуна кабатыр болушса, борбор
калаадагы жалпы билим берүүчү орто мектепте балдар күйөрман болушат.
Айнур Избасканова өз уулун футбол ийримине берген. Бала
кезинде короодо ойногондон башкасы түйшүк менен чоңойгондон кийин баары унутта
калган. Бирок, уулунун оюнун көрүп толкунданган эне топту дарбазага киргизгиси келип,
бул ийримге катышууга бел байлайт. Уулу сыяктуу ал да чабуул катарында ойнойт.
Айнур Избасканова, ийрим катышуучусу:
- Мелдештерде, турнирлерде, деги эле балдарыбыз ойногондо
көрүп, күйөрман болуп отурабыз. Ошондой эле, чынын айтуу керек өзүбүздүн дагы
ойногубуз келет.
Күлаш Манкиева бул мектептин мүдүрүнүн тарбия иштери
боюнча орун басары. Ал билим борборундагы убактысынын көбүн балдарды кароо
менен өткөрөт. Бош убактысында экинчи баласын ийримге алып барып, өзү да топ
тепкенге кызыгып калган. Бүгүнкү күндө педагог оң жак капталдагы латераль
позициясында ойнойт. Бул дегенибиз коргонууга гана жооп бербестен, каптал жак
менен чабуулга да аралашат дегенди билдирет.
Күлаш Манкиева, ийрим катышуучусу:
- Чындыгында, башында жүрөгүм ооруп кетти. Топтон корктум.
Кантип ойнойм деп ойлонуп жаттым. Бул оюм туура эмес экен. Мен муну азыр
түшүнүп жатам. Бул машыгуудан кийинки энергия үйгө келгенде таптакыр башкача
сезилет. Чарчаганымдан бир нече жолу машыгууга барбай калган учурларым болгон.
Бирок мен азыр өкүнөм. Анткени көп нерсени үйрөнбөй калдым.
Жанерке Перме «Энелер» футбол клубун түзүү демилгесин
көтөргөн. Казакстандын кыз-келиндер курама командасынын мурдагы оюнчусу алгач
ушул мектептин окуучуларын гана машыктырып келген. Бирок энелердин ынтымагын
арттыруу максатында дагы бир ийрим ачууга бел байлаган.
Жанерке Перме, машыктыруучу:
- Биз тактикалык жактан ата-энелер менен иштей элекпиз.
Бирок машыктыруучу катары менин оюмча, азыр эч ким коргонууда ойнобойт. Азыр
бардыгынын көңүлү чабуулга бурулду. Ата-энелер арасында да машыгууда ишенимдүү
гол киргизип, ал тургай атаандашын алдап, гол киргизбей койгондор да бар. Башкача
айтканда, ийкемдүүлүк бар. Ата-энелердин футболго болгон мамилеси өзгөрдү.
Башында мындай мүмкүнчүлүктү көргөн эмес, билишкен эмес. Эми аны көргөндөн
кийин өзгөрүү болуп жатат. Аракеттери да күчтүү.
Мектептин мүдүрү – Гүлжан Төлеунин айтымында, мектепте
4500дөн ашык окуучу билим алат. Алардын көпчүлүгү футбол менен алектенет. Ошого
карабастан ал графиктен убакыт таап, энелерге ыңгайлуу болгон учурда талааны
бошотконго аракеттенди. Жыйынтыгында азыр энелер командасы эки айдан бери
машыгып, алдыда чет мамлекеттерде өздөрү сыяктуу энелер арасында мелдештерге катышат.
Ал тургай тогуздун айында Орусияда өтө турган турнирге да барат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков