Парижде күрөш боюнча эл аралык турнир өттү

Парижде күрөш боюнча эл аралык турнир өттү

Парижде күрөш боюнча эл аралык турнир өттү. Салттуу өзбек күрөшү түрк элдеринин дүйнөдөгү эң байыркы күрөш түрлөрүнүн бири болуп эсептелет. Мелдешке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн мыкты балбандар чогулду. Жалпысынан килемге 25 мамлекеттен 100дөн ашык спортчу чыкты. Алар төрт салмак категориясы боюнча күч сынашты. Өзбекстандын президентинин байгесине арналган турнирдин байге фонду 30 миң еврону түздү. Жыл сайын турнирдин географиясы жана катышуучулардын курамы кеңейүүдө. Ал эми өзбек улуттук күрөшү спорттун түрү катары дүйнөдө барган сайын таанылууда.

Филипп Өзбек, Довиль шаарынын мэри:

- Мен салттуу өзбек күрөшүн ачканыма абдан кубандым. Өзбекстандын Президентинин байгесине арналган күрөш боюнча турнир Довилде башталган өлкөңүз менен таанышууну кеңейтти. Бул абройлуу турнир спорттук иш-чара гана эмес, маданий, туристтик, эми спорттук тармактарда өнүктүрүүнү көздөгөн пайдалуу байланыштарды түзүү үчүн аянтча болуп саналат. Мындай алмашуулар ачылыштарга жана кызматташтыктын жаңы багыттарына өбөлгө түзөт.

Оливер Гризард, UBAF банкынын эл аралык соода жана банк операцияларын боюнча мүдүрү:

- Эми мен үчүн Өзбекстан – бул жогорку жетишкендиктердин спортунун өлкөсү, айрыкча сиздердин команданын Париждеги Олимпиададагы таасирдүү жыйынтыктарын эске алганда. Улуттук күрөш түрүнүн – күрөштүн кеңири өнүгүшү, Парижде ар кайсы өлкөлөрдөн, Азиядан гана эмес, Европа жана Африкадан келген спортчулардын катышуусундагы ири турнир – мунун баары Өзбекстандын эл аралык имиджин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Аялдар арасында 70 кг чейинки салмакта Мухлисахон Кадирберганова «коло» медалга ээ болду, ал эми эркектер арасында 90 кг чейинки салмакта жана абсолюттук салмак категориясында Алихон Нодиров менен Шерали Жураев жеңүүчү болуп, Өзбекстандын президентинин байгесине ээ болушту. Аларды мекенинде салтанаттуу тосуп алышты.

Шерали Жураев, Турнирдин жеңүүчүсү:

- Финалда мен Франциядан келген балбан менен беттештим. Бул жеңишке күрөштү өнүктүрүүгө көңүл бурулгандыктан жеттим. Мурда катышуучулардын саны кыйла аз болсо, азыр спортчулардын саны жүздөн ашты. Бул улуттук спорттун дүйнөлүк аренада кадыр-баркы өсүп жатканынын ачык далили.

Которгон: Илгиз Жамалбеков