Казакстандын теннис боюнча улуттук курама командасы Дэвис Кубогунун 1 Дүйнөлүк тобунда таймашын улантууда. Мекендештер Астанада Даниянын курама командасын кабыл алышат. Аяк оона айынын 14-15не белгиленген беттештерге Юрий Щукин, Александр Бублик жана Александр Невесов сыяктуу теннисчилер менен бирге Тимофей Скатов менен Бейбит Жукаев сыяктуу таланттуу жаштар катышат. Муну менен катар АТР категориясындагы бир нече турнирдин жеңүүчүсү Александр Шевченко да улуттук курамага алгачкы ирет чакыртуу алды. Даниялык команданын өкүлдөрү жакшы даярдыктан өткөндүгүн айтып, аягына чейин ойной тургандыктарын билдиришти.
Александр Шевченко, теннис боюнча Казакстан улуттук курамасынын мүчөсү:
- Мен абдан кубанып жатам. Дэвис кубогунда өлкө намысын коргоого биринчи жолу мүмкүнчүлүгүм болуп жатат. Алгачкы жолу Олимпиадага улуттук курама команданын курамында катыштым. Ошол кезде абдан өзгөчө таасирдүү болгон. Бирок Дэвис кубогунун макамы абдан жогору. Биздин команда мыкты, уюшкан жана күчтүү. Ошондуктан, биздин команда – Казакстандын курама командасы үчүн колумдан келгендин баарын жасайм.
Фредерик Нильсон, Теннис боюнча Дания курамасынын капитаны:
- Даярдыгыбыз жакшы. Биздин жигиттердин үчөө Eastern Bulletте Челленджер катары жемиштүү иштеди. Дагы бир оюнчубуз Венгрияда ойноду. Спортчуларыбыздын даярдыгы мыкты. Биз сиздердин корттордо даярдандык, бизге жакты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков