Касым-Жомарт Токаев Эл аралык шахмат федерациясынын президенти Аркадий Дворковичти кабыл алды. Мамлекет башчысы Уюмдун Казакстан шахмат федерациясына, машыктыруучуларга жана жаш спортчуларга көрсөткөн колдоосун жогору баалады. Жолугушууда ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Аркадий Дворкович Казакстанда кабыл алынган шахматты өнүктүрүүгө арналган комплекстүү пландын мааниси тууралуу айтты. Ошондой эле былтыр казакстандык шахматчылар FIDE алкагында өткөн бардык мелдештерден эң көп медаль жыйнаганына көңүл бурду. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Президент Аркадий Дворковичти II даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.
Мамлекет башчысы дүйнө биринчиликтеринде алдынкы орундарды ээлеген жаш шахматчылар менен да жолугушту. Президенттин айтымында, алардын жетишкендиктери эл аралык аренада Казакстандын аброюн көтөрөт жана өлкөдө шахматтын келечеги кең экенин көрсөтөт. Ал чемпиондордун бийик максаттарга умтулуусу зарылдыгын белгилеп, аларга жаркын жеңиштерди каалады. Жолугушуунун соңунда Касым-Жомарт Токаев шахмат тактасына эстелик жазуу калтырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

