Казакстандык шорт-трекчилер Миланда өткөн дүйнө кубогунда коло медаль жеңип алды

Казакстандык шорт-трекчилер Миланда өткөн дүйнө кубогунда коло медаль жеңип алды

Казакстандык шорт-трекчилер жеңиш тактайчасынан көрүндү. Спорттун бул түрү боюнча Миланда өткөн Дүйнө Кубогунун этабында эркектер курама командасы коло медалга ээ болду. Белгилей кетсек, өлкөнүн спортчулары Харбинде өткөн кышкы Азия оюндарында тарыхый алтынга ээ болуп, дароо эле дүйнөлүк мелдешке аттанышкан. Казакстандыктар спортчуларды Астана эл аралык аэропортунан тосуп алышты. Италиядагы беттеште алар Кытай командасын артка калтырып, талаа ээлерин жана Канада курамасына гана алдырып жиберишти. Улуттук кураманын сабында Денис Никиша, Глеб Ивчинко, Адил Галиахметов, Мерсаид Жаксыбаев өнөр көрсөттү. Алардын айтымында, дароо эки эл аралык мелдешке катышуу оңой болбосо да, негизги максат ишке ашты. Өлкөнүн намысы корголуп, элдин ишеними акталды.

Мерсаид Жаксыбаев, IX кышкы Азия оюндарынын чемпиону, шорт-тректен дүйнө кубогунун коло медалынын ээси:

- Бул жарыштын эң кыйыны эмоцияларыбызды жеңүү болду. Биз ар кандай сезимдер менен күрөштүк. Анткени Харбинде медаль утуп, эки саатта чогулуп, аэропорттон Миланга жөнөдүк. 11 саат 15 мүнөт учтук. Италияда алгачкы үч күн оңой болгон жок. Анткени эки шаарда 8 сааттык убакыт айырмасы бар. Ушундан улам уйкубузду жөнгө сала албай калдык. Уктаган соң, ойгонуу кыйын болду.  Мээбиз кайда жүргөнүбүздү түшүнгөн жок. Ушундай абалда мелдешүүгө туура келди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков