Түркмөнстандын борборунда өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияда серепчилер шаардык жарандарды башкарууда Жасалма интеллекттин ролун талкуулашты. Биринчи кезекте форумдун катышуучулары өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана акылдуу шаарлардын коопсуздугун жогорулатууда санариптик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн жана натыйжалуулугун карап чыгышты. Мындан тышкары, 20дан ашык өлкөдөн, анын ичинде Казакстан, Түркия, Кытай, Индия, Румыния, Орусиядан келген окумуштуулар, адистер онлайн-режимде шаардык инфраструктураны жакшыртуу, транспорттук системаларды оптималдаштыруу, мегаполистердеги экологиялык абалды түздөө үчүн чечимдерди колдонуу боюнча топтогон тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Дмитрий Савкин, Москва
инженердик-физикалык институтунун улуттук ядролук
изилдөө университетинин проректору:
- Бизде
тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү бар. Албетте, киргизилген технологиялар, алар
жашоонун сапатын жакшыртууга жардам берет. Бул суу тазалоо технологиясы, бул
акылдуу транспорт технологиясы, акылдуу шаар, башкарылуучу жарык системалары.
Ошондой эле учкучсуз транспорт үчүн учкучсуз системалар. Ошондуктан, бул жерде
маалымат алмашуу жана үйрөнүүчү нерселер көп.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

