Орусиянын Президенти мамлекеттик сапар менен Казакстанга келет

Орусиянын Президенти мамлекеттик сапар менен Казакстанга келет

Бугу айынын 27-29 күндөрү мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу боюнча Орусиянын президенти Владимир Путин Казакстанга мамлекеттик сапар менен келет. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди талкуулашат. 28де Астана шаарында Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда Евразия экономикалык форуму өтөт. Ал эми эртеси күнү Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков