Казакстан Тажикстанга экспорт көлөмүн 190 млн долларга көбөйтөт

Казакстан Тажикстанга экспорт көлөмүн 190 млн долларга көбөйтөт

Казакстан Тажикстанга экспорттун көлөмүн 85 позицияда 190 миллион долларга көбөйтүүгө даяр. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Олжас Бектенов Дүйшөмбүгө болгон расмий сапарынын алкагында Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон жана өкмөт башчысы менен сүйлөшүүдө белгилүү болду. Тараптар соода-экономикалык кызматташуунун келечегин талкуулады. Ошондой эле, алар соода жүгүртүүнү көбөйтүүнү улантуу жана аны 2 миллиард долларга жеткирүү пландары бар экенин билдиришти. Буга кошумча, өнөр жай кооперациясында, энергетикада, айыл чарбада жана транспортто өз ара аракеттенүү артыкчылыктуу болуп саналат. Өлкөлөр Тажикстандагы кендерди биргелешип иштетүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Муну менен катар, Казакстан темир жол жабдууларын — рельс жана темир жол буюмдарын, локомотивдерди, тепловоздорду, трансформаторлорду жана аккумуляторлорду жибере алат. Астана менен Дүйшөмбүнүн ортосунда айыл чарба тармагында да көптөгөн байланыш пункттары бар. Тараптар ун  жана мал чарба  өнүмдөрүн кайра иштетүү боюнча биргелешкен долбоорлорду түзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Кызматташтыктын жаңы багыттарынын арасында санариптештирүү чөйрөсү бар, мында Казакстан Тажикстанга өзүнүн “eGOV” улуттук электрондук башкаруу системасын жайылтууга жардам берет. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков