Астанада Мекен коргоочулар жана Жеңиш күндөрүнө арналган көргөзмө ачылды

Борбор калаада Ата Мекенди коргоочулар күнү менен Жеңиш майрамына карата көргөзмө ачылды. Үч бөлүктөн турган экспозиция 100дөн ашык экспонатты камтыйт. Бул жерде Рейхстагга туу илген Ракымжан Кошкарбаев менен эгемен Казакстандын тунгуч коргоо министри Сагадат Нурмагамбетов сыяктуу согушта эрдик көрсөткөн казак баатырларынын эрдиги тууралуу материалдар сунушталган. Мындан тышкары, Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлүшү жана өнүгүшү боюнча жаңы маалыматтар бар. Көргөзмөдөгү экспонаттардын басымдуу бөлүгүн - Президенттик борбору фондунда сакталган тарыхый жана заманбап куралдардын түрлөрү түзөт. Иш-чаранын коноктору Кольт, Браунинг, Стечкин жана башка да легендарлуу курал кураштыруучуларынын колунан жасалган эмгектери менен тааныша алат. Муну менен катар, АКШ, Европа, Орусия жана Түркияда жасалган тапанчаларды жана башка өзгөчө куралдардын үлгүлөрүн көрүүгө болот.

Анар Оспанова, Президенттик борбордун ага серепчиси:

- Алгачкы тапанча катары байыркы кытайдын оттуу найзасын атоого болот. Ал «Оттуу найза куралы» деп аталган. Бул тууралуу биринчи маалыматтар 1259-жылы пайда болгон. Мурун  тапанча бир гана жолу атылчу. Андан кийинки тапанча эволюциясын Козимир Лефошенин аты менен байланыштырабыз. Ал курамында 5-6 огу бар, айлануучу стволдуу курал жасаган. Револьвердин алгачкы түпнускасы «Бундель» деп аталган. Ал калемпир кутусуна окшош болгондуктан, пепербокс деп да аталып кеткен. Бизде Экинчи дүйнөлүк согуш маалында колдонулган Маузер К-98 мылтыгы да бар. Алар 1935-жылы согуштун алдында жасалып, Экинчи дүйнөлүк согушта массалык куралга айланган.


Которгон: Илгиз Жамалбеков