Нооруз — жакшылыктын жарчысы

Нооруз — жакшылыктын жарчысы

Казакстанда Ноорузду майрамдоо 14нөн 23чүнө чейинки 10 күнгө созулат. Нооруз – Амал майрамынан башталат. Бул күндүн башкы белгиси – көрүшүү салты.


Гүлжан Абилова, тарыхчы:


– Батыш аймагында, өзгөчө Маңгыстауда 14дө, Амал майрамы деп бир жума мурун башталат. Амал күнү Абай Кунанбаев айткандай, кырдын эли ойдун элине барып аралашып, кучакташып, көрүшүп, өз таарынычтарын унутуп кечирүү дейт ушул кезеңди.


Маңгыстаудагы эң бийик чоку – Отпан тоосунда боз үйлөр тигилип, өнөрпоздор ырдап, бийлеп, күү чертишти. Салт боюнча, Отпан тоосунун башында деңиз деңгээлинен 532 метр бийиктикте «Бирдик оту» жагылды. Ал эл амандыгынын белгиси.


Нооруздун экинчи күнү кайрымдуулук иш-чаралары өтөт. Чачыла чачылып, меймандарга боорсок, көжө даярдалат. Үчүнчү күнү маданият жана улуттук салт-санаа даңазаланат. Жакшылыкка толгон жаз майрамын жаш муундун аң-сезимине сиңирүү үчүн быйыл майрамдык иш-чаралар digital форматка өтөт. Мисалы, Алматыда дрондордун жардамы менен боорсок таратуу, майрамда гуманоид роботтордун өнөр көрсөтүүсү пландаштырылган.


Серикзат Дүйсенгазы, эмгек сиңирген ишмер, акын:

– Менимче, Ноорузду президентибиз белгилеп берген максат менен келечекте жаңыртып, санариптик системага көчүрүп, жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, келечекте дүйнө жүзү майрамдап, кызыга турган майрамга айландырышыбыз керек. Дүйнөлүк деңгээлге көтөрүшүбүз керек.

17си – «Шаңырак күнү» көп балалуу энелерге өзгөчө урмат көрсөтүлдү. Борбор калаада мамлекет башчысынын атынан алты курсак көтөргөн, же андан да көп бала тарбиялаган 40 эне «Алтын» жана «Күмүш алка» ээси аталды. Белгилей кетсек, Ноорузнаама он күндүгү президенттин Жарлыгы менен үч жыл мурун бекитилген.


Самал Мырзахметова, «Күмүш алка» ээси:


- Шаңырақ күнү бул - апалардын үй-бүлөөдөгү ушул майрам менен көрсөткөнү. Апанын орду бөтөн экенин, жылуулугу, камкордугу балага деген ушул шаңырактан башталаарын билдирет деп ойлойм.


¤

18зи – Улуттук кийим күнү. Улуттук музейде өткөн тегерек столдо салттуу кийим үлгүсүнүн тарыхый өнүгүүсү жана анын азыркы коомдогу символикалык мааниси талкууланды. Этнограф Бүлбүл Кап кызы өз колу менен саймалап тиккен казактын улуттук кийимдерин жеке-жеке тааныштырып, маани-маңызы тереңинен түшүндүрдү.


Булбул Кап кызы – этнограф:


– «Кызыл» жаздын, кубанычтын өңү. Ошондуктан казактар  жаштыгы менен коштошуп, кубанычы менен ортоктош деп кызыл көйнөк менен кыз баласын узаткан. Мына экөө алдыңкы чач жабары, бул болсо желеги үстүнө жабылган. Ал эми бул жолу. «Сулама» деп айтылат. Бул кыздын жолу.


Тегерек столдун алкагында атайын көргөзмө да уюштурулду. Көпчүлүк бул экспозициядан ХIХ кылымда жашаган казактардын турмуш-тиричилигинен кабар берген  7 түрдүү сырткы кийим жана баш кийимге күбө болду.


Нооруздун кийинки күнү «Жаңылануу күнү». Казакстандыктар байыртадан тамырлаган салт-санааларды жаңы заманга ылайыкташтырууга умтулушат. Муну өзгөчө улуттук кийим үлгүсүнөн байкоого болот. Улуттук оюу-чиймелер менен кооздолгон, салттуу үлгүдө тигилген кийим бренддери калыптанган.


Нооруз улуттук спортту даңазалайт. Астанада Нооруз майрамына карата 18 миң бала чүкө ойноду. Балдар атайын оюн-зоок аркылуу сапка тизилип, чүкөнүн «Алшы» формасын жана «Алтын сака» жазуусун чагылдырышты, ар кандай бий элементтерин көрсөтүп, көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырышты.

Гинаят Сыздыков, Астана шаарынын акимдигинин «Өркен» балдар жана өспүрүмдөр дене тарбиясы борбору:

– Бүгүнкү алып баруучу жасалма интеллект. Иш-чаранын кандай болушу керек, уюштуруу кандай жүрүшү керек, мунун баарын жасалма интеллекттин күчү менен өткөн иш-чара экенин көрдүңүздөр. Бул жердеги 3 миң катышкан балага бир заматта онлайн аркылуу экранга кошулуп турган башка мектептер да ошол заматта чүко ойношту.

¤

Эң кызыгы — иш-чараны адам эмес, Айдар аттуу жасалма интеллект жүргүздү. Анын белгиси менен шаардагы мектептер менен бала бакчаларда 15 миңден ашуун бала бир убакта чүкө оюнун баштады. Ошентип улуттук оюн заманбап технология менен үндөшүп, өсүп келе жаткан муунду бириктирген чоң майрамга айланды.


Сүлейменова Жулдыз, Астана шаары билим башкармасынын адиси:


– Негизги максаты – шаардык балдар үчүн таңсык болуп эсептелген чүкө оюнун жайылтуу. Учурда биздин шаардагы 119 мектепте чүкө оюну киргизилип жатат. Тыныгуу учурунда балдар чүкө ойноп үйрөнүп жатышат.


Казак калкынын түшүнүгүндөгү Нооруз майрамы ат чабыш, балбан күрөш, көк бөрү, тыйын эңмей сыяктуу улуттук спорт түрлөрү менен тыгыз байланышкан. Мындай кеңири масштабдагы иш-чаралардын көбү 21– «Ынтымак күнү» уюштурулат. Ал эми 22си «Жыл башы» деп даңазаланса, 21и экологиялык маданиятты жана жаратылышты коргоого багытталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков