Казакстандын Президенти Москвага мамлекеттик сапар менен келди

Казакстандын Президенти Москвага мамлекеттик сапар менен келди

Президент Касым-Жомарт Токаев Владимир Путиндин чакыруусу боюнча Москвага мамлекеттик сапар менен барды. Внуково аэропортунда жогорку даражалуу коноктун урматына Москва гарнизонунун ардактуу кароол ротасы жана аскердик оркестр тизилди. Мамлекет башчысын Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Денис Мантуров жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Эки мамлекеттин улуттук гимндери ойнотулду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков