Жаңы жыл алдында Түркмөнстанда көчмө майрамдык жарманкелер башталды. Бул өлкөдө 850дөн ашык соода түйүндөрү уюштурулду. Мында каалаган адам майрамдарга арналган ар кандай товарларды арзан баада сатып ала алат. Жарманкеге келгендердин эң көп издеген товарларынын бири-балаты. Кышкы майрамдын негизги символу жарым метрден эки метрге чейин жетет, ошондой эле салттуу жашыл желектин адаттан тыш ак түсү да сунуштулган. Мындан тышкары, шам чырактар, үйгө арналган майрамдык жасалгалар жана таттууларды табууга болот.
Давран Ягмыров, сатуучу:
- Жыл сайын бул базарларда жаңы жергиликтүү өнүмдөр сатылат. Балдарга базарлык катары ар кандай баштыктарда шириндиктерди көрүүгө болот. Жарык шамдар менен шар формасындагы оюнчуктар жана үйдүн жасалгалары өзгөчө суроо-талапка ээ. Бул жерде ар бир адам өз үйүндө жаңы жылдык атмосфераны түзүү үчүн майрамга керектүү нерселердин бардыгын табат.
Тавус Бекииева, Ашхабад шаарынын тургуну:
- Жаңы жылда белек берүү салтка айланган. Мен бул жерге туугандарым жана жакындарым үчүн базардан сатып алуу үчүн келдим. Бул жылы текстиль буюмдары да коюлду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

