Казакстан менен
кытайлык компаниясы AlemLLM тилдик моделин биргелешип ишке киргизет. Бул
тууралуу Президент Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууда Sinovation Ventures
жана 01ai компанияларынын башкы мүдүрү Ли Кай Фу билдирди. Жолугушуунун
жүрүшүндө жасалма интеллект, санариптик трансформация, венчурдук инвестиция,
стартаптар экосистемасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана глобалдык
технологиялык өнөктөштөрдү тартуу тармактарындагы кызматташтык маселелери
талкууланды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

