Казакстан Токиодогу теннис беттешин жеңиш менен аяктады

Теннис боюнча Казакстандын аялдар командасы Токиодогу дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алуу үчүн Жапония менен болгон беттешти жеңиш менен аяктады. Жуптар арасындагы беттеште казакстандыктар Анна Данилина менен Жибек Куламбаева жеңишке жетти. Кыздар Эна Сибахара менен Сюко Аояманы 7:6, 3:6, 11:9 эсебинде утту. Алар ушуну менен экинчи жолу жеңишке жетишти. 

Жибек Куламбаева, Теннис боюнча Казакстандын курама командасынын мүчөсү:

- Жеңишке жетишкениме абдан кубанычтамын! Айрыкча ушул этапта ушундай стадиондо, элдин баары колдоп, ар бир адам көрүп турганда улуттук курама командада ойноо мен үчүн чоң сыймык. Бул эмоциялык жактан абдан оор беттеш болду. Экөө ишке ашпай, үчүнчүсү ишке ашты.

Анна Данилина, Теннис боюнча Казакстандын курама командасынын мүчөсү:

- Абдан кыйын болду, бирок биз татыктуу оюн көрсөтүүгө аракет кылдык. Албетте, үй шартында өткөргөн машыгууларыбыз жардам берди. Биздин кыздар бул дем алыш күндөрү укмуш ойношту, ийгилик бизге жылмайды. 

Бирок буга чейин Казакстандын курама командасы үч оюнда жапондорго утулуп калган. Белгилей кетсек, Токиодо өлкө намысын Анна Данилина менен Жибек Куламбаевадан тышкары Юлия Путинцева, Зарина Диас жана Аружан Сагындыкова коргошкон. Казакстан курама командасы «Билли Джин Кинг» кубогунун плей-офф баскычында күч сынашат. Кийинки атаандаш бир аптадан соң өтө турган чүчү кулактын жыйынтыгында белгилүү болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков