Борбор Азия өлкөлөрү жана Кытай аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өнөктөштүктү бекемдөөгө ниеттенүүдө. Астанага беш өлкөнүн — Кытай, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлери «Борбор Азия + Кытай» форматындагы экинчи жолугушууга катышуу үчүн келишти. Бул жолугушуунун алдында аларды Казакстандын Мамлекет башчысы кабыл алды. Тараптар трансулуттук кылмыштуулукка, киберкоркунучтарга жана экстремизмге каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты. Касым-Жомарт Токаев аймак өлкөлөрү менен Кытайдын укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү мурдагыдан да актуалдуу экенин баса белгиледи. Маанилүү транспорттук жана соода жолдорунун кесилишинде жайгашкан Борбор Азия трансулуттук кылмыштуу тармактардын өзгөчө көңүл борборунда калууда.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту евразиялык логистиканын стратегиялык элементи болуп калууда. Анын мааниси глобалдык соода чынжырларынын трансформацияланышы жана геосаясий чыңалуунун өсүшү шартында бир нече эсеге жогорулайт. Ошол эле учурда жүк агымын көбөйтүү белгилүү бир тобокелдиктер менен байланыштуу. Сөз трансулуттук кылмыштуулук контрабанда, баңгизат, курал-жарак ташуу жөнүндө болуп жатат.
Мамлекет башчысы аймактагы туруктуулукту сактоонун эң жакшы жолу укук коргоо органдарынын активдүү өз ара аракеттенүүсү экенин белгиледи. Бул жерде өз аракеттерди координациялоо, мыкты тажрыйбалар менен алмашуу жана биргелешип чечимдерди иштеп чыгуу маанилүү. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, артыкчылыктуу милдеттердин катарына трансулуттук кылмыштуу топтордун каржылык агымдарын бөгөт коюу кирет. Экстремисттик идеялардын жайылышын, интернет аркылуу террордук топторго азгырууну активдүү түрдө токтотуп, кибер коркунучтарга каршы туруу зарыл. Жолугушуунун катышуучулары практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, ыкчам маалымат алмашууну чыңдоо, кесиптик байланыштарды өнүктүрүү жана укук коргоо органдарынын ишине заманбап технологияларды киргизүү ниетин ырасташты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

