Alatau City шаарында 2 трлн теңгелик инвестдолбоорлор ишке ашат

Alatau City шаарында 2 трлн теңгелик инвестдолбоорлор ишке ашат

Алатауда 2 триллион теңгеден ашуун суммага 53 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Алардын ишке кириши 50 миңден ашуун жумуш орундарын түзөт деп күтүлүүдө. Ушул жана башка маселелер Премьер-министр Олжас Бектеновдун төрагалыгы астында шаардык Кеңештин жыйынында каралды. Негизги демилгелердин бири 330 гектар аянттагы пилоттук районду түштүк кореялык smart-технологияларды колдонуу менен түзүү болду. Алатауда ошондой эле шаардын санариптик коштоочусун киргизүү, ал эми Big Data жана жасалма интеллект технологияларын шаардын инфраструктурасын реалдуу убакытта башкаруу үчүн колдонуу боюнча пландар бар. Жыл аягына чейин алдыңкы эл аралык консалтингдик компанияларды тартуу менен шаардын узак мөөнөттүү өнүгүү планы, өнүгүү стратегиясы жана башкы планын иштеп чыгууну аяктоо пландалууда. Мындан тышкары, кийинки жылдын аягына чейин бул жерде токенизация боюнча биринчи долбоорлорду ишке киргизүү менен виртуалдык жана реалдуу экономиканы бириктирген бирдиктүү экосистеманы түзүү күтүлүүдө. Жыйындын жыйынтыгы менен Alatau City Authority жөнүндө жобо бекитилди. Уюм мамлекеттик орган макамын алып, шаардын өнүгүүсү жана иштеши үчүн жооп берет.


Алишер Абдыкадыров, Alatau City Authority башкы аткаруучу мүдүрү:


- Биз мамлекеттик орган макамында иштей баштадык жана Алатау шаарын тез өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктарга ээ болдук. Жыл аягына чейин Алатау шаарынын ченемдик-укуктук актыларынын негизги блогу кабыл алынып, Алатау шаарынын өз алдынча экосистемасынын бекем пайдубалын түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул ишкердик, курулуш, юридикалык жактарды лицензиялоо, салыктык, бажы режими маселелерине тиешелүү болот. Бардык бул актылар инвесторлор жана бизнес үчүн түшүнүктүү, ачык-айкын чөйрөнү түзөт. Ошондой эле жыл аягына чейин мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча шаардын негизги жана стратегиялык документтери – бул узак мөөнөттүү өнүгүү планы, өнүгүү стратегиясы жана башкы планы иштелип чыгып, кабыл алынат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков