Үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде Казакстанга 200 миңден ашуун чет элдик саякатчы келди. Өлкөгө келген туристтердин саны тууралуу маалыматты Улуттук статистика бюросу билдирди. Адистердин айтымында, республикага келген туристтердин арасында КЭРнан келген саякатчылардын саны өзгөчө көп. Алардын саны эки эсеге көбөйүп, 25 миңдей кишиге жетти. Андан соң Индиядан 18 миңдей турист келсе, Италиядан 3500 адам республикага саякаттаган. Муну менен катар Казакстанга көптөгөн англиялыктар, түштүк кореялыктар жана америкалыктар келишет. Чет элдик коноктордун арасында Алматы тоо кластери популярдуу. Чет элдиктердин арасында Акмола жана Маңгыстау облустарына делген кызыгуучулук жогору. Жалпысынан 2024-жылдын үч айында гана хостелдер менен коттедждер 1 миллион 700 миңден ашык ички жана чет элдик туристтерге кызмат көрсөткөн. Адистердин айтымында, буга курорттук аймактарга жаңы авиа каттамдардын ачылышы түрткү болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков