Түркмөнстан помидор
экспортунун көлөмүн жана жеткирүү географиясын көбөйтөт. Мисалы, бир эле чарба
кожолугу Казакстан, Кыргызстан, Ооганстан, Тажикстан, Орусия, Беларусь, БАЭ жана Венгрия рынокторуна өз өнүмдөрүн жеткирет. Экспорттун жалпы көлөмү
24 миң тоннадан ашык. Бул жерде жыл сайын помидордун 40тан ашык сорту сынактан
өтөт. Эки жылдык талдоодон кийин гана тандалган жогорку сапаттагы өнүм тышкы
рынокко чыгат.
Шыхмырат
Палуанов, сапатты көзөмөлдөө боюнча адис:
- Бизде алдыңкы үлгүдөгү тараза,
помидордун көлөмүн текшерүү, даамын татуу жана өнүмдүн нормалдуу температурасын
сактоо, экспорттоо учурунда чет өлкөгө
ташыган унаанын сыйымдуулугун жана андагы температураны автоматтык түрдө
көзөмөлдөгөн атайын аппараттар бар.
Күнөскана комплекси жылдын он эки
айында помидор өстүрүүнүн алдыңкы технологиясын жана биологиялык ыкмаларды
колдонот. Толук автоматташтырылган система өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн
шарттарды түзөт. Ал эми помидорду арттыруу үчүн атайын бал аарылар колдонулат.
Бул мол жана сапаттуу түшүм алууга мүмкүндүк берет.
Сохбет Ниязов,
Чарбалык коомдук ишкана мүдүрүнүн орун басары:
- Биздин учурдагы жылдык
кубаттуулугубуз 66 миң тоннаны түзөт. Бүгүнкү
күндө биздин өнүмдү негизинен Орусия Федерациясы жана Казакстан Республикасы
сатып алууда. Биздин күнөскана Түркмөнстанда алгачкылардан болуп GlobalGap сертификатын алды. Бул документ Европа өлкөлөрү менен
кызматташуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

