Өткөн жылы Казакстанга 655 миң кытайлык турист келди. Өлкөнүн туризм жана спорт министрлигинин маалыматы боюнча, бул 2023-жылга салыштырмалуу 78%га көп. Жаңы көрсөткүч Кытай жарандарынын маданий жана табигый мураска болгон кызыгуусу артып жатканын ата мекендик адистер белгилешет. Мындан тышкары, Кытай Казакстандагы туризм жылынын алкагында аймактар, туркомпаниялар, агенттиктер жана медиа платформалар ортосунда 200дөн ашык келишимге кол коюлду. Бул өз ара аракеттенүү үчүн бекем негиз түздү. Иш-чаралар маалымат аянтчасында да кеңири чагылдырылды. Мисалы, 1,3 миллиарддан ашык адам, аудиториясы бар кытайлык ири медиа жана социалдык тармактар Казакстан жөнүндө кабар таратты. Тармактын адистери бул өлкөнүн туристтик багыт катары таанылышын кыйла арттырганын белгилешет.
Нуртас Карипбаев, Туризм индустриясы комитетинин төрагасы:
- Белгилей кетсек, 2025-жыл Казакстанда Кытайдын туризм жылы деп расмий жарыяланган. Бул эки тараптуу мамилелердин тереңдешинен кабар берет. Ошондой эле, эки тарапка кызматташтыкты мындан ары бекемдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мунун баары туризмди өнүктүрүүгө гана эмес, элдердин ортосундагы маданий жана экономикалык байланыштарды чыңдоого да маанилүү салым кошот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

