Казакстанда өндүрүштүк жаракат алуу 10%, ал эми зыяндуу эмгек шарттарында иштеген жумушчулардын санын 20%га кыскартуу мерчемделген. Бул өлкөнүн 2025-жылга чейин коопсуз эмгекти камсыздоо боюнча иш-чаралар планынын негизги милдети. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө үч жүз миңден ашуун казакстандыктар акча табуу үчүн зыяндуу эмгек шарттарында иштөөгө аргасыз. Жыл сайын миңден ашык адам өндүрүштө жаракат алат. Мындай инциденттерди минималдаштыруу үчүн документте тобокелдикке негизделген ыкманын негизинде саламаттыкты жана коопсуздукту башкаруунун улуттук системасын модернизациялоо каралган. Бул жаатта иш берүүчүлөрдү экономикалык жактан стимулдаштыруу, кесиптик компетенцияларды жана илимий дараметти өнүктүрүү жана социалдык өнөктөштүк боюнча сунуштарды иштеп чыгуу көздөлөт.
Ахмади Сарбасов, Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин биринчи вице-министри:
- Бул иш-чаралардын баары биринчи кезекте жумуш ордунда зыяндуу эмгек факторлорун азайтуу жана нөлдүк жаракаттанууну камсыз кылууга багытталган. Бул үчүн биринчи кезекте иш берүүчүлөр эмгекти коргоонун заманбап системаларын ишке киргизүү боюнча комплекстүү чараларды көрүп жатышат. Экинчиден, эмгек инспекциясы тарабынан мамлекеттик контролдун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максаты коюлган. Учурда бүткүл республика боюнча бул максатта өндүрүштүк тобокелдиктерди көзөмөлдөөнүн жаңы технологиялары киргизилүүдө.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстандын 3 миңден ашык ишканасы эмгекти коргоонун эл аралык стандарттарын киргизген. Өндүрүштөгү кырсыктардын азайышына ата мекендик ишканалардын да глобалдык нөлдүк жаракат алуу конвенциясына кошулган жергиликтүү өндүрүш жайларынын да салымы чоң.
Төлеген Оспанкулов, Казакстандын башкы мамлекеттик эмгек инспектору:
- Азыркы учурда бул концепцияга 500дөн ашык мекеме кошулуп, бул иш-чаралардын үстүндө иштеп жатат. Натыйжада биздин ишканада жаракат алгандардын саны жылдан жылга азайууда. Жыл ичинде бизде 1420 адам жарат алган болсо, анын ичинде 200 адам каза болду. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 2,4% төмөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков