Казакстанда кылкандуу дан эгиндеринин 75% жыйналды

Казакстанда 13 миллион гектарга жакын талаа же дан эгиндеринин 75 пайызы жыйналды. Бул тууралуу өкмөттө оруп-жыюу өнөктүгү боюнча өткөн чукул штабда айтылды. Бүгүнкү күндө 20 миң тоннадан ашык дан чабылды. Элеваторлорго 3 жарым миллион тоннага жакын дан түштү, анын 2 жарым миллион тоннага жакыны буудай. Кампадагы арпанын 95% 2-сорттогу арпа. Азык-түлүк корпорациясына мүмкүн болушунча эртерээк дан эгиндерин сатып алуу баасын жарыялоо тапшырылды. Мындан тышкары, айдоо аянттарынан май, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү, ошондой эле картошка жыйналды.  Эскерте кетсек, жазгы-талаа жана оруп-жыюу иштерин жеңилдетилген каржылоо көлөмү 580 миллиард теңгени түзүп, бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу 3 эсеге көп. Оруп-жыюу өнөктүгүн тогуздун айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Алдыда май өсүмдүктөрүн жыйноо иштери башталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков