S&P Казакстандын насыялык рейтингин ырастады

S&P Казакстандын насыялык рейтингин ырастады

Standard & Poor's Казакстандын эгемендүү насыялык рейтингин «ВВВ-» деңгээлинде тастыктады, болжол  «туруктуу». Эл аралык рейтинг агенттигинин отчетуна ылайык, 2025-жылы республиканын экономикасы 4,9% өсөт. Бирок, бул көрсөткүч 2026-жылы 3,4%га чейин төмөндөшү мүмкүн. Серепчилердин пикиринде, мунай өндүрүүнүн көлөмүн арттыруу, Теңиз кениндеги кубаттуулукту кеңейтүү жана мамлекеттик инфраструктуралык инвестициялар ата мекендик экономиканын кыймылдаткыч күчү болуп калат. Эл аралык серепчилер күчтүү фискалдык жана тышкы баланстар Казакстандын насыялык рейтингин колдоочу негизги фактор экенин баса белгилешет. Алар өлкөгө дараметтүү тобокелдиктерге туруштук берүү үчүн жетиштүү каражатты камсыздайт. Ошентип, өлкөнүн тышкы активдеринин наркы тышкы карыздан жогору болушу күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков