AIF: эл аралык серепчилер Казакстандын энергетика саясатына жогорку баасын берди

AIF: эл аралык серепчилер Казакстандын энергетика саясатына жогорку баасын берди

Бүгүнкү күндө чет элдик серепчилер өлкөнүн 2060-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү боюнча демилгелерин колдоп жатышат. Астана эл аралык форумунун спикери, Британ изилдөө университетинин президенти Тим Йеонун айтымында, бардык өлкөлөр үчүн учурдагы энергетикалык саясаттын негизги флагманы климаттын өзгөрүшү болуп саналат. Учурда бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун көңүлү корголуучу жаратылыш чөйрөсүнө келтирилген зыяндын кесепеттерине бурулуп жатат. Алардын арасында абанын температурасынын жогорулашы, нормалдуу табигый кырсыктар, гидрологиялык режимдердин бузулушу да бар. Ошол эле учурда талдоочулар электр энергиясынын таңкыстыгын бир топ кыскартуу үчүн өлкөлөр, өзгөчө Казакстан энергетика саясатында жаңы ыкмаларга муктаж экенин белгилешти. Адистердин божомолуна ылайык, 2029-жылга карата өлкөдө электр энергиясынын таңкыстыгы 3 гигаваттка жетет. Эл аралык форумдун платформасы азыркы замандын ушул жана башка глобалдык көйгөйлөрүн эл аралык деңгээлде чечүүнүн жаңы жолдорун табууга мүмкүнчүлүк берет.

Тим Йео, AIF спикери, NNWI төрагасы:

- Форум - делегаттарга Астанада, Казакстанда гана эмес, бүтүндөй Борбор Азияда эмне болуп жатканын көрсөтүп берет. Бул бүткүл дүйнө үчүн аймактын абалы менен таанышууга мүмкүнчүлүк деп ойлойм. Бүгүнкү күндө дүйнөдө, өзгөчө энергетика тармагында маанилүү чечимдер кабыл алынууда, анткени азыр баарыбыз климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу глобалдык чакырыкка туш болуп жатабыз. Бул өз кезегинде бир катар кыйынчылыктарды жаратууда. Мындан улам таза энергетика системасына өтүү менен бул маселени чечишибиз керек. Борбордук Азия аймагы көмүр жана газ өндүрүү аркылуу энергетика тармагында эбегейсиз роль ойнойт, ошондуктан бул жерде болуп жаткан окуялар бардык тармактарга таасирин тийгизет.

Александра Акирман, эл аралык серепчи, AIF катышуучу:

- Астана эл аралык форуму бир катар глобалдык маселелерди талкуулоого багытталган деп эсептейм. Бизде дүйнөлүк маанидеги маселелер жетиштүү. Көмүртектин нейтралдуулугу жана сууну үнөмдөө маселелери талкууланууда. Бул форум мына ушул татаал маселелерди чечүү үчүн өтө маанилүү аянтчага айланууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков