Немис ишкерлери Казакстанда жаңы долбоорлорду ишке киргизүүнү пландоодо. Ошентип, курулуш гиганты деп саналган Knauf компаниясы Жамбыл облусунда гипсокартон чыгаруучу завод курууну көздөп жатат. Кошумчалай кетсек, азык-түлүктүн бардык түрлөрү үчүн таңгак чыгаруучу дүйнөдөгү алдыңкы компания Казакстанда бизнесин кеңейтүүнү мерчемдеген. Жалпысынан 5 миллиард долларды түзгөн 48 дараметтүү долбоорлор бар. Бул тууралуу Казакстандын делегациясынын Берлинде Германиянын ири ишкерлери менен жолугушуусунда белгилүү болду. Белгилей кетсек, Германия өлкө экономикасына 5,5 миллиард евродон ашык инвестиция салган.
Грегор Томалла, КМШ, Европа MULTIVAC компаниясынын операциялар боюнча вице-президенти:
Биз азыр Казакстанда ишибизди баштадык. Бүткүл өлкө боюнча өкүлчүлүк кылабыз. Эми дүкөндөн мисалы, колбаса же сыр сатып алып жатсаңыз таңгак биздики. Казак тарап менен сүйлөшүүлөр абдан жакшы өттү. Биз сиздердин өлкөдө бизнесибизди кеңейтүүнү пландап жатабыз. Ошондой эле Казакстанда өзүбүздүн техниканын тетиктерин чыгарсак деген ойдобуз.
Ардак Зебешев, Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин инвестиция комитенинин төрагасы:
Инвестициялардын 90%га жакыны өндүрүш тармагындагы долбоорлорго багытталган. Экономиканын чийки зат эмес секторун өнүктүрүү биздин негизги артыкчылыгыбыз. Бул дагы эң чоң долбоорлордун бири. Аны баары билет. Бул «жашыл» суутекти өндүргөн «Svevind» фирмасы. Күндөн жана шамалдан электр энергиясын өндүрүү менен алектенген ишкана дагы бар. Ар бир жолугушууда конкреттүү долбоорлорду талкуулаганга аракет кылдык.
Которгон: Илгиз Жамалбеков