Түркмөнстан менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба
уюму биргелешип сууну үнөмдөө технологияларын киргизүү жана топурактын бузулушуна
каршы күрөшүүгө макулдашты. Бул Ашхабадда өткөн «Климаттын өзгөрүшү шартында
ден соолук жана тамактануу» эл аралык конференциясынын жыйынтыгы боюнча
тараптар кол койгон төрт келишимде бекитилген макулдашуу. Аталган документтер
трансчегаралык дарыялардын суу ресурстарын башкарууну, жер пайдалануудагы жана
айыл чарбасын климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлаштыруудагы кызматташтыкты көздөйт.
Бардык долбоорлор аймактын азык-түлүк коопсуздугу жана агротармактын
туруктуулугуна багытталган. Келишимге кол коюу FAO-нун башкы мүдүрү Цюй
Дунъюйдун Түркмөнстанга расмий сапарынын алкагында өттү. Белгилей кетсек,
Борбордук Азия өлкөлөрү - 1995-жылдан бери уюмга мүчө, ушул убакыт ичинде айыл
чарбасы жана азык-түлүк коопсуздугу тармагында он биргелешкен программа ишке
ашырылды. Ошондой эле, FAO делегациясы санариптик технологиялар активдүү
колдонулуучу заманбап мал чарбачылыгы жана жылкы чарбачылыгы комплекстеринин
иши менен таанышты.
Виорел Гуцу, FAO-нун башкы мүдүрүнүн
орун басары, Европа жана Борбордук Азиядагы аймактык өкүлү:
- Пландарыбыз өтө чоң - айлана-чөйрөнү
коргоо, жаратылыш ресурстары жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму катары
FAO-нун ишине байланыштуу башка да көптөгөн тармактарда кызматташтык орноттук.
Маурицио Мартина, FAO-нун башкы мүдүрүнүн
орун басары:
- Бул биздин быйылкы алгачкы сапарыбыз.
Менин оюмча, азыр кеңири масштабдуу жумуш аткара турган убакыт келди. Биз
климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана айыл чарбасын системалуу
трансформациялоо сыяктуу негизги илимий-тажрыйбалык тармактардагы
кызматташтыкты тереңдетүүгө даярбыз. FAO оң натыйжага жетүүгө кызыкдар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

