Кайра иштетилген товарлар экспорту 37,5% өстү

Кайра иштетилген товарлар экспорту 37,5% өстү

Бул тууралуу жыл башынан берки өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү талдоого алынган өкмөт жыйынында сөз болду. Бул жаатта алыскы өлкөлөргө караганда жакынкы мамлекеттерге жеткирүүнүн үлүшү көбүрөөк. Экспорттун көлөмүнүн өсүшү дээрлик 50%ды түзөт. Башка мамлекеттерге 63 миллиард теңгеге ата мекендик өнүм жөнөтүлгөн. Алардын ичинен кайра иштетилген товарлардын салыштырма салмагы 37 пайыздан ашык өсүштү көрсөттү. Жалпысынан бул мезгилде соода балансы эки эсеге артканын байкоого болот. Экономикага тышкы жана ички инвестициянын таасири күч алып келет.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:

Ички жана тышкы инвестицияларды тартуу экономикалык өсүштүн маанилүү фактору болуп саналат. Негизги капиталга салынган инвестициялардын өсүшү 6,7%ды түздү. Алардын ичинен экономиканын мунай эмес тармактарына инвестициянын көлөмү көбөйүп келет. Инвестициялардын жогорку өсүшү кыймылсыз мүлк менен жасалган операцияларда, ошондой эле транспортту сактоодо, айыл чарбасында жана өнөр жайда катталды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков