2022-жылы Казакстандагы электрондук сооданын көлөмү триллион теңгеге жетиши мүмкүн. Мындай божомолу менен «Санарип Казакстан» ассоциациясы бөлүштү.
Серепчилердин айтымында, бул үчүн бардык шарттар бар. Ошондой эле, адистер рынокко жаңы катышуучулар келип, аны менен катар, колдонуудагы тутумдардын кызмат көрсөтүү деңгээли кеңейип, жакшырат деп мерчемдешүүдө. Бул жараяндын тездешине коронавирус пандемиясы да өз таасирин тийгизди. Бирикменин маалыматы боюнча, өткөн жылы өлкөдөгү чекене электрондук сооданын рыногу 82% өсүп, жалпы көлөмү алты жүз миллиард теңгеге жеткен. Ошол эле учурда, онлайн буйрутмалардын саны көбөйүп, мобилдик шаймандардан сатып алуулардын үлүшү арткан. Уюм чакан бизнестин электрондук платформалар аркылуу сатууну улантат деп болжолдоодо. Алдыдагы убакытта Казакстанда товарларын онлайн режиминде гана саткан ишкерлердин саны көбөйүшү мүмкүн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков