Жыл башынан бери өлкөнүн экономикасынын өсүү темпи 4,8%ды түздү. Мында
реалдуу сектордун жана тейлөө тармагынын үлүшү үстөмдүк кылууда. Бул тууралуу
Улуттук экономика министри өкмөттүн жыйынында билдирди. Алибек Куантыровдун
айтымында, негизги капиталга инвестиция тартуу күч алды. Алардын агымы ташуу
жана сактоо багытында айтарлыктай сезилет. Бул жерде өсүш дээрлик 60%ды түзөт.
Адаттагыдай эле ата мекендик автоиндустрия алдыда келе жатат. Андан кийинки
орунда айыл чарбасы. Суусундуктарга, тамак-аш жана жеңил өнөр жайына
багытталган каржылык кирешелер көбөйдү. Башкача айтканда, бул өлкөдөгү ишкердик
активдүүлүккө карай багыт алгандыгынын белгиси. Соодага жумшалган инвестиция
төрттөн бир эсе өстү. Бул чет элдик валютага оң таасирин тийгизет.
Алибек Куантыров, Улуттук экономика министри:
Алдын ала жыйынтыктар боюнча 2023-жылдын үчтүн айы-кулжа айларында тышкы соода жүгүртүү 4,8%га өсүп, 67,2 миллиард долларды түздү. Экспорттун көлөмү 38 миллиард доллар. Ошол эле учурда кайра иштетилген товарлардын экспорту 12,1 миллиард долларга жеткен. Товарлардын импорту 29,3 миллиард доллар болду. Жалпысынан соода балансынын оң сальдосу 8,7 миллиард долларды түзөт.
Ошону менен бирге өкмөт башчы бааларды жөнгө салуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Биринчиден, бул өлкөнүн элинин жашоо сапатын жакшыртууга кам көрөрүн билдирди. Бул түздөн-түз инфляцияга байланыштуу. Бүгүнкү күндө анын деңгээли алты ай катары менен төмөндөп жатат.
Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:
Өкмөттүн алдында турган маанилүү милдеттердин бири – баалардын өсүшүн ооздуктоо. Үстүбүздөгү жылдын бирдин айынан тарта өлкөдө инфляция акырындык менен басаңдады. Көрүлгөн чаралардын аркасында аны жыл сайын 14%га чейин төмөндөтүү мүмкүн болду. Ошону менен бирге, жыл аягына чейин биздин алдыбызда инфляциянын деңгээлин былтыркыга салыштырмалуу 2 эсеге төмөндөтүү милдети турат. Азык-түлүк товарлары инфляциянын негизги фактору бойдон кала берээрин эске алуу менен профилактикалык чараларды өз убагында жүргүзүү зарыл. Ал бардык керектүү өзгөчөлүктөргө ээ.
Премьер-министр экономиканын өсүү темпин жыл аягына чейин сактоо зарылдыгын белгиледи. Шыктандыруу боюнча системалуу чараларды көрүү зарыл. Экономиканы ар тараптандыруу жана ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу аракетин көрүүнү тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков