Казакстан өкмөтү жетишилген казак корей келишимдерин иш жүзүндө ишке ашырууга даяр. Бул тууралуу Корея Республикасынын президенти менен өлкө Премьер-Министринин жолугушуусунда белгилүү болду. Өкмөт башчы Олжас Бектенов белгилегендей, өлкө энергетика, сейрек кездешүүчү металлдарды казып алуу жана кайра иштетүү, инфраструктура, автоунааларды жана алардын тетиктерин өндүрүү, суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Жаңы келишимдер ири корпорациялардын өндүрүшүн обочолонтуу мүмкүнчүлүгүнө алып келет. Тактап айтканда, Казакстан Түштүк Кореянын технологияларын колдонуу менен электромобилдерге арналган аккумуляторлорду, ошондой эле лифт жабдууларын чыгарууга кызыкдар. Авиация тармагында тараптар ортосунда жаңы жүргүнчүлөрдү ташуучу аба каттамдарын ачуу маселеси иштелип чыгууда. Бул өткөн жылы Казакстанга келген кореялык туристтердин саны эки эсеге көбөйгөнүнө байланыштуу зарыл болуп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков