Транскаспий багыты боюнча жүк ташуулардын көлөмү 86%га өстү

Транскаспий багыты боюнча жүк ташуулардын көлөмү 86%га өстү

Үстүбүздөгү жылдын 7 айында Казакстан аркылуу өткөн Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту боюнча жүк ташуу көлөмү 86%га өсүп, бир жарым миллион тоннадан ашыкты түздү. Улуттук жыргалчылык фондунун маалыматына караганда, Казакстандан экспорттун үлүшү да өсүүдө. Көлөмү 2,5 эсеге – акчалай алганда 1 миллион 200 миң тоннага чейин артты. Белгилей кетсек, Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүн Каспий деңизи, Түштүк Кавказ өлкөлөрү жана Түркия аркылуу Европа менен байланыштырган Ортоңку коридор акырындык менен дүйнөлүк сооданын өсүү чекиттеринин бирине айланып бара жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков