Түркиянын мектептеринде Казакстандык EDTECH -долбоору ишке ашырылууда

Казакстандык санариптик Edtech-стартап CodiPlay географиясын  кеңейтүүдө. Атамекендик адистер иштеп чыккан долбоор эми Түркиянын мектептеринде да ишке ашырылууда. Жылдын аягына чейин платформаны жүз түрк окуу жайына орнотуу пландалууда. Айта кетсек, бул өлкөнүн бир нече абройлуу билим берүү мекемелеринин окуучулары компаниянын уникалдуу өнүгүүлөрүнүн аркасында программалоонун жана робототехниканын негиздерин балдар үчүн жеткиликтүү оюн түрүндө үйрөнө башташты. Стартаптын негиздөөчүсү Жанадил Талдыбаевдин пикиринде, мындай мамиле балдардын жаш кезинен эле инженердик ой жүгүртүүсүн калыптандырууга мүмкүндүк берет.

Жанадил Талдыбаев, CodiPlayдин негиздөөчүсү:

- Биз Африканын эки өлкөсүнө, Ангола жана Зимбабвеге киребиз. Биздин окуу программабыз БУУ тарабынан санариптик коомдук жыргалчылык катары таанылган. Мындан тышкары, Codiplay билим берүү программасы Бириккен Улуттар Уюму тарабынан жалпыга жеткиликтүү санариптик товар катары бекитилген.

Мындай стартапты түзүү идеясы Жанадилге Түштүк Кореяда окуп жүргөндө келген. Алгач медициналык туризм тармагында долбоор пайда болгон, андан кийин кадрлардын жетишсиздиги көйгөйүнө туш болуп, айти-адистерди кичинесинен тарбиялап, Edtech-стартапты түзүү идеясы келип чыккан. Бул өлкөнүн билим берүү рыногуна «CodiPlay»  бир жыл мурда эле кирген, ал популярдуу жана суроо-талапка ээ болуп калган.

Moonjo Choi, CodiPlayдин операциялык мүдүрү:

- Азыр биз жасалма интеллект деген массалык агымда турабыз. Бул агымда санариптик көндүмдөр барган сайын маанилүү болуп баратат. Корея Республикасында да аларды жакшыртуу үчүн көп аракеттер көрүлүүдө. Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн өлкөлөр да ушундай пикирде. Казакстан менен биргеликте CodiPlay өнүмүн балдарга санариптик көндүмдөрдү үйрөтүү жана айти-билим берүү маселелерин чечүү үчүн түзөбүз.

Бүгүнкү күндө «CodiPlay» системасы боюнча 15 өлкөдө бир миллиондон ашык бала программалоо тилин үйрөнүүдө. Алардын арасында Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Индонезия, Улуу Британия, Катар, Сауд Арабиясы жана БАЭ бар.

Которгон: Назира Бегалиева