Фундаменталдык илимдердин негизги тенденциялары, алардын абалы жана өнүгүү келечеги, ошондой эле тармакты санариптештирүү. Мындай темаларды Дүйшөмбүдө КМШга мүчө мамлекеттердин окумуштуулары V форумда талкуулашты. Иш-чарага 70тен ашык адистер чогулду. Алар Тажикстандын, Казакстандын, Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Молдованын, Орусиянын, Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын, илимдер академияларынын жана ири илимий-изилдөө борборлорунун башчылары. Окумуштуулар Шериктештик өлкөлөрүнүн инновациялык дараметинин өсүшүнө жана илимий байланыштардын кеңейишине өзгөчө көңүл бурушту. Форумдун алкагында КМШга катышкан мамлекеттердин жаш окумуштуулар кеңешинин биринчи жыйыны да өттү.
Мария Ивченко, Социалогия илимдеринин кандидаты, Орусия:
-Бул окшош форматтагы өтө маанилүү иш-чара. Алар илимпоздор арасында горизонталдуу байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк бергендиктен, биз байланыштын жаңы формаларын, жаңы илимий долбоорлорун таба алабыз. Фундаменталдык илимди өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген долбоорлор. Бул форумда жаңы жолугушуулар, жаңы таанышуулар, албетте, илим үчүн жаңы идеялар пайда болот деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков