Айыл чарбасы үчүн мобилдик
сервистерден баштап, жасалма интеллектке чейинки чечимдерге чейин. Жаңы иштеп
чыгууларды Astana Hub эл аралык технопаркындагы командалар Startup Garage инкубациялык
программасынын үчүнчү агымынын алкагында тартуулашты. Мисалы, жаңыдан иштеп
баштаган стартаперлер агросектор үчүн системаны көрсөтүштү. Ал фермерлерге
талаага суу берүүнү түз эле телефондон көзөмөлдөөгө жардам берет. Бул үчүн
датчиктер жабдууларга туташтырылат, алар маалыматтарды реалдуу убакытта өткөрүп
берет, ал эми жасалма интеллект чыгымды талдап, ресурстарды кантип бирдей
бөлүштүрүүнү жана жоготууларды азайтууга кеңеш берет.
Берик Орынтаев, Сууну үнөмдөө
технологиялары жаатындагы стартаптын негиздөөчүсү:
- Албетте, биринчи кезекте айыл
чарба ишканаларына, кымбат технологияларды дароо сатып ала албаган дыйкандарга
багытталган. Биз муну мамлекеттик колдоо чараларынын алкагында ишке киргизип
жатабыз. Мындай технологияларды киргизүүдө мамлекет 80% субсидия берет. Башында
бул бекер болот. Негизинен, бул түштүк аймактарга, Алматы облусуна, Таразга
багытталган.
Эскерте кетсек, өткөн жылы
Startup Garage алкагында эки агым өткөн. Ага 366 арыз келип түшүп, алардын
ичинен 204ү тандалып алынган. Жыйынтыгында 79 долбоор инкубацияны ийгиликтүү
аяктап, сатуунун өсүшүн көрсөтүп, андан тышкары эл аралык рынокко чыгууга
жетишти.
Которгон: Назира Бегалиева

