Назарбаев университетинде илим жумалыгы өтүүдө

Назарбаев университетинде илим жумалыгы өтүүдө

Казакстандык 22 жогорку окуу жайдын студенттери «жаш окумуштуу» аттуу Республикалык илимий конференцияга катышты. Жыл сайын өтүүчү бул салттуу иш-чара Назарбаев Университетинин дубалында жетинчи жолу өтүп, илим кызматкерлеринин күнүнө арналды. Жаштар форумуна арналган маанилүү дата - Абай Кунанбай уулунун 180 жылдыгына туш келүүдө. Студенттер улуу казак акыны жана философунун феноменин, анын 21-кылымдагы билим берүү жана илимий мейкиндиктеги ролун талкуулашты. Уюштуруучулардын айтымында, мындай конференциялар жана дискуссиялар студенттерге казак тилинде терең изилдөө жүргүзүүгө жана чечендик чеберчиликти арттырууга мүмкүндүк берет. Андан тышкары, жаштар арасында белгилүү казакстандык ишмерлердин эмгектерин изилдөөгө кызыккан илимий коомчулуктарды түзүшөт.

Мейрамгуль Кусаинова, NU казак тили жана түркология кафедрасынын профессору:

- Жалпысынан алганда, мектептин программасы Абайдын чыгармаларын талдоо, анын инсандыгын түшүнүү, Абайдын жашап, жараткан мезгилин түшүнүү үчүн Абайга карата жаңы көз карашты, жаңы окууну калыптандырышы керек. Ошондуктан, эгерде студенттер Абайдын эмгектерин, анын мурасын, ырларын, философиясын жаңычылдыгы, заманбаптыгы жагынан талдап чыгышса, бул чындыгында күчтүү инсандардын калыптанышына өбөлгө болот деп ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков