Астана эл аралык билим берүү борбору макамын дагы бир
жолу тастыктады. Казакстандын борборуна Европа, Азия жана Түндүк Американын 13
өлкөсүнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын студенттери келишти. Анын ичинде
Германия, Канада, Кытай, Румыния, Шри-Ланкадан. Алар International Legathon
MaxUP экинчи эл аралык юридикалык кейс-чемпионатына катышышты. Эки күн ичинде
катышуучулар келечектин укугун, санариптештирүүнү жана юридикалык практикага
жасалма интеллектти киргизүүнү изилдешти. Алар жаңы технологиялардын мыйзам
чыгаруу системасына, этикалык принциптерге жана адам укуктарына тийгизген
таасирин изилдеп, келечектеги санариптик чакырыктар үчүн мыкты чечимдерди
моделдештиришти. Биринчи раунд «Астана» Эл аралык каржы борборунун сотунда
өттү.
Сергей Пен, илимий иштер, инновациялар жана жасалма интеллект боюнча MNU башкарма төрагасынын орун басары:
– Эң башкы максат – жасалма
интеллекттин өнүгүшүнө байланыштуу, жакынкы келечекте кайсы гана өлкө болбосун
адамзат туш боло турган көйгөйлөрдү чечүү үчүн негиз түзүү. Президент дал ушул
себептен улам бизге жаңы эрежелер керектигин баса белгиледи. Алар мыйзамдарда
ишке ашырылат.
Парвиз Гасанов, Баку мамлекеттик университетинин окутуучусу, PHD Азербайжан:
– Менин
оюмча, мындай сынактар жөн гана сынак эмес, бул байланыш, бири-бири менен
биригүү. Бүгүнкү заманбап дүйнө ушунчалык тез өнүгүп жатат, мисалы, бүгүнкү
күндө жасалма интеллект эң келечектүү
болуп калды, биз Казакстанда жасалма интеллект жылы деп жарыяланганын уктук,
ошондуктан бул абдан маанилүү учур. Менин оюмча, илим дүйнөнү сактап калат.
Катышуучулар сынакка бир нече ай бою даярданышкан.
Алардын айтымында, укуктук инновацияларды иштеп чыгуу үчүн ар кайсы өлкөлөрдүн
тажрыйбасын изилдешкен. Мисалы, Өзбекстандан келген студенттер өлкөдө мурдатан
эле бар болгон практиканы негиз кылып алышып, Казакстандын санариптештирүүдөгү
чоң ийгиликтерин баса белгилешкен.
Диёрбек Давронов, Ташкент мамлекеттик юридикалык университетинин студенти, Өзбекстан:
– Казакстандын сот системасы мага
абдан кызыктуу болду. Себеби силерде онлайн соттор системасы киргизилген. Бул
тажрыйба Өзбекстанда Казакстандагыдай өнүкпөгөндүктөн, мага абдан кызык болду.
Биз өз катыбызда Казакстандын тажрыйбасын алып, Өзбекстандын мыйзамдарына
киргизүүнү сунуштадык.
Жарыштын жыйынтыгы боюнча Казак улуттук Аль-Фараби атындагы университетинин, Maqsut Narikbayev Universityнин, оруссиялык Урал мамлекеттик юридикалык университетинин командалары алдыңкы орундарды ээлешти. Ошондой эле Румыниядан жана Канададан келген студенттер мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү. Ал эми Малайзиядан келген команда сынактын жеңүүчүсү деп табылды. Уюштуруучулар белгилегендей, эң кызыктуу долбоорлор келечекте жаңы укуктук чечимдерди иштеп чыгууга негиз болушу мүмкүн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

