Казакстан, Түркия жана Азербайжан сот билими тармагында кызматташат

Казакстан, Түркия жана Азербайжан сот билими тармагында кызматташат

Казакстан, Түркия жана Азербайжан сот билим берүү тармагында кызматташтык орнотот. Башкача айтканда, бородош мамлекеттердин адистештирилген окуу жайлары судьяларды даярдоо жана илимий изилдөө боюнча биргелешкен долбоорлорду колго алмакчы. Бул тууралуу тараптар баш калаадагы жолугушууда билдиришти. Жыйында өлкөнүн Жогорку Сот кеңешине караштуу Сот төрагалыгы академиясы менен Азербайжандын Башкы прокуратурасынын илимий-билим берүү борбору бул максатта кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Документ тармактык адистерди даярдоо, такшалмаларды уюштуруу, мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды алмашууга негиз болот.

Канат Мусин, Жогорку Сот кеңешинин алдындагы  Сот төрагалыгы академиясынын вице-ректору:

- Эки тараптуу макулдашуу Сот төрагалыгы академиясынын ортосундагы эл аралык кызматташтыкты бекемдеп, Казакстан Республикасындагы судьяларды окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга түрткү берет.

Талыб Джафаров, Азербайжан Башкы прокураттурасынын илимий-окуу борборунун башчысы:

- Казакстан Республикасынын Жогорку Сот Кеңеши алдындагы академия менен кол коюлган документ өз ара пайдалуу демилгелерди мындан ары ишке ашырууга көмөктөшөт деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков