Түркиянын инвестору Казакстанда ири айыл чарба долбоорлорун түзүүнү пландоодо

Түркиянын инвестору Казакстанда ири айыл чарба долбоорлорун түзүүнү пландоодо

Түркиянын ири холдингдеринин бири жакынкы беш жылда Казакстандын айыл чарба тармагындагы бир катар долбоорлорго 650 миллион доллар инвестиция салууга даяр. Ушул тапта өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлган. Бул тууралуу өлкөнүн Айыл чарба министрлиги билдирди. Тактап айтканда, компания жыл аягына чейин Казакстанда күнөскана комплекстерин кура баштамакчы. Биринчи долбоорду 2024-жылдын жай айларында бүтүрүү көздөлгөн. Аталган объектилер өлкөнүн түштүк аймактарында салынары каралып жатат. Ошону менен бирге органикалык минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу, тамак-аш азыктарын кайра иштетүүчү жана соодалоочу ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгү каралып, холдинг илимий-изилдөө долбоорлоруна инвестиция салууга ниеттенүүдө.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков